Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

БУУ: Украина чыгышында кыянатчылыктар көбөйдү


Донецк облусунда майдан тилкесиндеги кыштактан бир көрүнүш. 12-июнь, 2017-жыл.
Донецк облусунда майдан тилкесиндеги кыштактан бир көрүнүш. 12-июнь, 2017-жыл.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты бүгүн Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.

Анда акыркы айларда бул аймакта аскерий аракеттер күчөп, каршылашкан тараптар “ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууларды утур-утур аткара албай жатышканы” белгиленген.

Баяндамада көргөзүлгөндөй, 2014-жылдын апрель айынын ортосунан берки куралдуу жаңжалда өлгөндөр саны азыр кеминде 10 090го жетти. Мунун ичинен 2777си жайкын тургундар.

Булардан тышкары куралдуу кагылыштарда кеминде 23 966 адам жаракат алса, 1,6 миллиону үй-жайын таштоого аргасыз болду.

БУУнун Адам укуктары боюнча мониторинг миссиясы быйыл 16-февралдан 16-мартка чейинки аралыкта куралдуу жаңжалдан улам 36 кишинин өмүрү кыйылганын, 157 киши жаракат алганын каттаган.

Бул мындан мурдагы үч айга салыштырмалуу кыянатчылыктар 48%га көбөйгөнүн билдирет.

Мындан сырткары аймакта адамдарды уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, өзгөчө орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн райондордо изоляцияда кармоо көрүнүштөрү уланып жатканы да баяндамада көргөзүлгөн.

Ошондой эле баяндамада кыйноо фактылары азыр да бардыгы, эки тараптан тең жаңы инциденттер катталганы да айтылат. (UE)

XS
SM
MD
LG