Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Британияда Максим Бакиевге каршы соттук иштин негизги күбөсү кармалды


Максим Бакиев Лондондогу сотто. 7-декабрь, 2012-жыл.
Максим Бакиев Лондондогу сотто. 7-декабрь, 2012-жыл.

Улуу Британияда Максим Бакиев менен британ бизнесмени Шон Дейлинин ортосундагы соттук иштин негизги күбөсү – Израилдин жараны Берти Синбети 9-июнда кармалганы ырасталды.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Шон Дейлинин өзү жана анын Кыргызстандагы кызыкчылыгын коргогон "Гранд-профи" юридикалык компаниясынын өкүлдөрү тастыкташты.

Алардын айтымында, Синбети былтыркы соттук териштирүүгө Максим Бакиев коркутканы үчүн келбегенин билдирүүдө:

- Мен түшүнгөндөн, анын адвокаттары 9-июндагы соттук угууда Синбети мырза Максим Бакиев коркутканы үчүн [былтыркы] сотко келбегенин судьяга айтышкан экен, - деди британ бизнесмени Шон Дейли.

Сотко келбегени үчүн айыпталып жаткан Синбети күрөөгө бошотулганын, 30-июнда анын иши сотто каралаарын Дейлинин жакын санаалашы Лес Голдинг "Азаттыкка" кошумчалады.

Шон Дейли 2006-жылы ошол кезде Жерүй алтын кенин казууга лицензиясы болгон Oxus Gold компаниясынын өкүлү катары жүргөндө Бишкекте кол салууга кабылып, ок жеген, үч ай ооруканага жатып чыккан.

Дейлинин арызын Британ соту былтыр жай айларында карагандан кийин Максим Бакиевдин бул кылмышка аралашканына далил жок деп таап, аны актаган.

Ал соттук ишке Берти Синбети баштаган үч күбө белгисиз себептер менен келбей калган.

Максим Бакиев Лондондогу соттук угууда британ ишкеринин айыптоолорун четке каккан. (KKS/UE)

XS
SM
MD
LG