Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Өмүркулов: Мусабекованын ишинин моралдык жагын карайбыз


Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы депутат Жылдыз Мусабековага байланыштуу маселени карай элек. Бул тууралуу “Азаттык клубуна” келген фракциянын башчысы Иса Өмүркулов билдирди.

- Интернетте ушундай маалыматтар болгон. Бул ар кандай пикир туудурду. Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар, аны да аныктап, тастыкташ керек. Ошондуктан айтылган сөздөрдү далилдөөгө мүмкүнчүлүк бердик. Бул нерсени тастыкташ керек. Кандайдыр бир чечим кабыл алуучу күч органы эмеспиз. Бирок моралдык жагы бар. Моралдык жагын биз албетте карашыбыз керек. Депутаттар чогуу талкуулайбыз, анан бир чечимге келебиз.

2-майда депутат Жылдыз Мусабекова менен “Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулованын телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиосу интернетке чыккан. Анда депутат өзү жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн журналистти опузалаганы жазылган. Кийинчерээк эл өкүлү ал аудио монтаждалганын билдирген, бирок журналист жазуу жасалма эместигин айткан.

Журналист президентке, парламент спикерине, КСДП фракциясынын лидерине, Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрайымына, маданият, маалымат жана туризм министрине 12-майда Фейсбук аркылуу кайрылган. Мындан кийин журналисттин даттануусун президенттик аппарат карай турганы айтылган. Президенттик аппараттын маалыматык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов Анаркулованын даттануусу парламентке жөнөтүлгөнүн 13-июнда “Азаттыкка” айтты.

Жылдыз Мусабекова парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG