Лом-Али Гайтукаевдин туугандарынын 13-июнда билдиргенине караганда, алар Гайтукаев ур-токмоктон улам каза тапты деген ойдо турушат.
Ал жаза мөөнөтүн Вологда облусунда, күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө өтөп жаткан.
Гайтукаевдин адвокаты Елена Харионовскаянын айтымында, ал 2015-жылы эле кардарынын сабалганынан улам түрмө жетекчилигин сотко берүүгө аракеттенген. Бирок далил жок деген жүйө менен анын арыздары кабыл алынган эмес.
2015-жылы ноябрда Гайтукаев боор дартынан улам оор абалда түрмөнүн ооруканасына түшкөн.
Белгилүү журналист Анна Политковская 2006-жылы Москвада, өз үйүнүн сыртында атып өлтүрүлгөн.
Бул кылмыш үчүн 2014-жылы теги боюнча чечен Лом-Али Гайтукаев жана Рустам Махмудов өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилишкен.
Дагы үч адам: мурдагы милиционер Сергей Хаджикурбанов, бир туугундар Ибрагим жана Жабраил Махмудовдор 12ден 20 жылга чейинки мөөнөткө соттолушкан. (UE)