Бүгүн Бишкекте “Санариптик экономика. Жаңы технологиялык тартипке өтүү” деген аталыштагы тегерек үстөл өтөт. Бул кереге кеңеште Кыргызстан менен Орусиянын адистери өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өсүү жолдорун, глобалдык тренддер, ишкерликти өнүктүрүүдө мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана бул айтылгандарды “Таза коом” долбоору аркылуу ишке ашыруу маселесин талкуулайт. Ага Кыргызстандын Президентинин аппаратынын башчысы Сапар Исаков, Евразия аналитикалык клубунун башчысы, эл аралык мамилелер боюнча адис Никита Мендкович катышып, баяндама жасашат. Мындан сырткары саясат таануучулар, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.
Буга чейин Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков улуттук долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Жапония өңдүү мамлекеттер жардам берүүгө даяр экенин айткан . Ал мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорунун негизги максаты – санариптик ачык экономиканы куруу экенин белгилеген. (КЕ)