Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

"Таза коом" эл аралык уюмдардын колдоосуна таянат


"Таза коом" форуму. 11-июнь, 2017-жыл
"Таза коом" форуму. 11-июнь, 2017-жыл

11-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жаштар катышкан “Таза коом” долбоору боюнча форум өттү.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Бишкектеги сапарында эл аралык "Таза коом" форумуна катышты. Кыргыз бийлигинин пикиринде, Гутерриштин форумга катышуусу “Таза коомду” эл аралык коомчулукка таанытууга өбөлгө түзөт. Бийлик өлкөнү санариптик технологияларды колдонуу аркылуу өнүктүрүүнү көздөгөн бул долбоордун келечегине чоң үмүт артууда.

Атамбаев "Таза коомго" ишенет

Кыргызстандын соңку 5-6 жыл ичинде коррупция менен күрөштөн кирешеси үч эсе көбөйдү деди президент Алмазбек Атамбаев “Таза коом” форумунда. Президент аталган долбоор коррупцияны азайтууга өбөлгө болорун айтып, ушул жолду илимий негизде, жакшы инвестициялар менен улантса, Кыргызстан мындан да жакшы ийгиликтерге жетишерин билдирди.

- Бизде ири ишканалар курулган жок, газдын кендери ачылган жок, бирок өлкөнүн ички дүң өнүмүн 2,5 эсе көбөйтө алдык. Киреше 3 эседен көп жогорулады. Коррупцияга каршы күрөштөн эле 3 эсе жогорулаттык, - деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчысы “Таза коом” амбициялуу долбоор экенин белгилеп, Кыргызстан региондо санариптик кызмат көрсөтүүчү борборго айланууга умтулаарын кошумчалады:

- Биз амбициясы чоң максаттарды койдук. Мен Бээжинде өткөн “Бир алкак– бир жол” саммитинде транспорт жолдорун гана сала бербестен санариптик жол салуу керек деп айттым. Биз Улуу Жибек жолунда транзиттик интернет, контент жеткирүүдө, маалымат сактоодо негизги борбор өлкөлөрдүн бири болуп калгыбыз келет. Мен мындай болууга бардык шарт бар деп ойлойм.

Эл аралык уюмдар долбоорду колдоду

Форумга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да катышты. Ал “Таза коомдун” алкагындагы элдин турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду кубаттаарын билдирди.

- Кыргыз бийлигинин жаңы технология менен жарандардын жашоосун жакшыртууга, коррупцияны азайтууга, адам укуктарын коргоого көмөктөшө турган "Таза коом" долбоорун кубаттайбыз, - деди ал.

Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

БУУнун баш катчысы Атамбаев менен жолугушкан учурда "Кыргызстан мен үчүн өзгөчө орунда турган өлкө" деп билдирди.

​Антониу Гутерриш Бишкектеги сапарына туштап өткөрүлгөн "Таза коом" форумуна башка да бир топ эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган экен.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчук, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Бруно Балванера, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кэндис МакДэйган да сөз сүйлөп, кыргыз бийлиги, президент баштаган амбициялуу санарип долбоорду колдоп, ар тараптан көмөктөшүүгө даяр экенин билдиришти.

- “Аракет кылсаң берекет” деп Кыргызстанда айтылгандай, биздин биргелешкен күч аракетибиз өз жемишин берет. Майда долбоордон башташыбыз керек. Англисче “жумушту майдадан, бирок тез кыл” деген сөз бар. Дүйнөлүк банк туруктуу өнөктөш болот, - деди Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчук.

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков "Таза коомду" ишке аша турган реалдуу долбоор деп атады. Исаков бийлик сунуштап жаткан долбоорго арналган форумга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышып жатышы боюнча мындай деди:

- Кыргызстан ушундай бир чоң улуттук “Таза коом” деген долбоорду баштап жатканыбызды Гутерриш мырза аркылуу дүйнөгө таратып жатабыз.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

"Таза коомду" эмнеге өкмөт алып чыккан жок?

Ал эми форумга катышкан “Республика-Ата Журт” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов бул долбоорду ишке ашыруудагы айрым бир маселелерге токтолду:

- Программалар көп, баары жакшы. Кудай колдоп ишке ашып кетсин. Бирок, муну ким аткарат? Ушуга саясий эрк жетеби? Канча мөөнөттө иш жүзүнө ашат? Ушул жагын дагы катуу көзөмөлдөп, иштеш керек. Андан тышкары "Таза коом" деген программа, чынын айтканда, өкмөткө тиешелүү. Мени өкүнткөнү эмне себептен өкмөт муну алып чыккан жок? Эмнеге президенттин администрациясы алып чыгып атат? "Таза коомдун" иш-чаралары өкмөткө тиешелүү.

Президенттикке катышат делген Бабанов бийликтин талапкери үгүт иштеринде “Таза коом” программасын колдонушу мүмкүн, бирок бул упай топтоого жардам бербейт деген пикирин кошумчалады.

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева "Таза коом" долбоору бийлик талапкеринин шайлоо программасына айланышы мүмкүн деп чочулап, эл аралык донорлорго кайрылган эле.

“Таза коом” долбоорунун программасында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү инновация, маалымат жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу ишке ашырылат деп айтылат.

Бирок азырынча бул долбоордун бюджети канча болоору, жакынкы күндөрү реалдуу кандай программаларды ишке ашырары тууралуу так маалымат жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG