Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:29

Ахматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда алынат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы 13-июнда маалымат таратты.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фонддун мурдагы башчысы, президенттик жарышка аттанары айтылып жаткан Акматбек Келдибеков коррупция үчүн соттолгон, мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.

«Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Бул өкүм Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырылган. Ал эми, айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат», - деп Жогорку Соттун билдирүүсүндө.

Мыйзамдарга ылайык, соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөрү кабарланган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG