Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 06:50

Путин: Орусияда телеканалдарды мамлекет көзөмөлдөбөйт


Оливер Стоундун “Путин менен интервью” деген фильминен алынган кадр.

“Орусияда жүздөгөн телеканалдар бар, алар толугу менен көз карандысыз”. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин белгилүү америкалык режиссер Оливер Стоунга маек берген учурда билдирди.

“Сиз массалык маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып жатасыз. Бизде жүздөгөн теле жана радиокомпаниялар бар. Мамлекет аларды көзөмөлдөбөйт, бул мүмкүн эмес”.

Мындан сырткары өлкөдөгү оппозиция тууралуу суроого жооп берип, “оппозициялык күчтөрдүн негизги көйгөйү бийлик менен күрөшүү эмес, алар сунуштаган программа утуштуу экенин жарандарга, шайлоочуларга көрсөтүү” деп айтты.

Орус президентинин маеги Showtime телеканалынан 13-июнда көрсөтүлдү.

Буга чейин Орусияда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан кийин медианын үстүнөн мамлекеттик көзөмөл күчөгөнүн Москвадагы ЖМК укугун коргоо борборунун директору Галина Арапова "Азаттыкка" билдирген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG