Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Ноокенде чек арадагы 18 үй-бүлө үч айдан бери жарыксыз отурат


Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Ношкен айылындагы 18 үй-бүлө үч айдан ашык убакыттан бери электр энергиясы жок жашап жатышат. Бул тууралуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Сатыкулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, тургундар жайыт жерин мыйзамсыз ээлеп алып, бир топ жыл мурда өз алдынча турак жай куруп алышкан. Буга чейин алар эгин аянттарына суу чыгарган насостук станция аркылуу электр тогун пайдаланып келишкен.

- Бул көрүнүш мыйзамга каршы келгендиктен биз жарык берүүнү токтотуп койгонбуз. Учурда жашоочулардын жерин мыйзамдаштыруу үчүн трансформациялоо иштери жүрүп жатат. Ал аяктаган соң гана электр жарыгын тартып берүүгө аракет кылабыз,- деди Сатыкулов.

Бүргөндү айыл өкмөтү Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Ношкен айылында жалпы миңдей калк жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG