АКШ президенти Дональд Трамп коргоо министри Жим Мэттиске Ооганстандагы контингенттин санын өзгөртүүгө ыйгарым укук берди. Бул тууралуу маалымат каражаттары кабарлашты.
Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командачысы, армиянын генералы Жон Николсон буга чейин 8 400 аскерге кошумча дагы бир нече миң аскер зарыл деп айтып келген эле.
Маалыматтар боюнча Пентагон 3-5 миңдей жоокер жиберүүнү караштырып жатат, бирок айрым бир бөлүгү өнөктөш өлкөлөрдөн жөнөтүлүшү ыктымал. Алардын басымдуу бөлүгү аскерий пилоттор жана ооган армиясын машыктыруучу адистерден куралмакы. Бир нече убакыт мурун Мэттис АКШнын колдоосундагы ооган күчтөрү Талибанга каршы согушту жеңе албай жатышканын, согушкерлер баш көтөрүп жатканын Конгрессте билдирген.