Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Дүйнөлүк банк Ооганстанга 520 миллион доллар бөлдү


Ооган үй-бүлө
Ооган үй-бүлө

Дүйнөлүк банк Ооганстандагы долбоорлорго 520 миллион доллар бөлүүнү жактырды. Каражат экономиканы өнүктүрүү, инфраструктураны куруу, Пакистандан кайтып келген качкындарды колдоого жумшалмакчы. Банктын маалыматы боюнча гранттар, анын ичинде Дания, Германия, жана Жапония өкмөттөрү берген донордук акча ооган өкмөтүнө бул "туруксуз абалда" чоң жардам болмокчу.

Дүйнөлүк банктын Ооганстан боюнча директору бийлик институттарын реформалоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактардагы оң жылыштарга карабай, Кабул чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгиледи. НАТОнун аскерлери 2011-жылы чегингенден бери коопсуздук кырдаалы начарлап, бул өз кезегинде экономиканын туруксуздугуна, өсүштүн жайлап калышына алып келди.

Банк бөлгөн акчанын ири бөлүгү мекенине кайткан качкындарга жумшалмакчы. Пакистан жана Ирандан болжолу менен 800 миңдей киши көчүп келген. Көбү жакыр айылдарда жашайт же шаарларда аз төлөнгөн жумуштарга жалданып иштешет.

XS
SM
MD
LG