Синоптиктер чукул эскертүү берип, 14-15-июнь күндөрү жаан-чачынга жана аба табынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суу көбөйүп, жээктерге жууп кетүү коркунучу бар экенин, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымалдыгын маалымдады.
15-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28,
Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32,
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +17...+22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9..+14, күндүз +18...+23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз +7...+12 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 15-20 метрге жетет. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +26…+28 ысыйт.