Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Москвада реновацияга каршы чыккан бир нече киши кармалды


Ронвация каршылардын акциясы. 14-май, 2017-жыл. Москва
Ронвация каршылардын акциясы. 14-май, 2017-жыл. Москва

Москвада Мамдуманын имаратынын жанында борбор шаарды реновациялоо планына каршы чыккан бир нече кишини кармап кетишти. Долбоор боюнча борбор шаарда көп кабаттуу эски үйлөрдү бузуу каралууда. Кармалгандар арасында «Яблоко» партиясынын бөлүм башчысы Сергей Митрохин да бар деп кабарланууда.

Бүгүн Дума реновация боюнча мыйзам долбоорун акыркы окууда караганы жатат. Буга чейин докумнтке бир нече түзөтүү киргизилген эле. Түрттүрүлө турган үйлөрдүн тургундары жаңы курулган батирлерге көчүрүлмөкчү. 3 триллиондук чыгымды жабуу үчүн мэрия реновациянын алкагында тургузулчу үйлөрдүн теңин сатууну көздөп турат. Бул жөнүндө шаар бийлигиндеги булакка шилтеме менен «Ведомости» басылмасы жазды.

Долбоор боюнча Москвада 4 жарым миң үй сүрдүрүлөт. Мэриянын бул демилгеси шаардыктардын нааразылыгына алып келип, май айында бир нече жолу акциялар уюштурулду. Катышуучулар бул мыйзам жарандардын Конституцияда каралган менчикке укугун бузарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG