Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Лондондо өрттөн бир нече киши каза тапты


Лондондо 24 кабаттуу турак жайдагы өрттөн бир нече киши каза тапты, ондогону жарадар болду.

Шаардын өрт өчүрүүчүлөр кызматынын жетекчиси Дэни Коттондун айтымында, көптөгөн киши өлдү, имарат чоң болгону үчүн так санды азыр атоо кыйын.

Тез жардамдын кызматкерлери буга чейин 50дөн ашуун киши ооруканаларга жеткирилгенин маалымдашкан.

Лондондун батыш тарабында орун алган Гренфелл Мунарасын от чалганы эртең менен эрте кабарланган. Анын себеби азырынча белгисиз. Ушу тапта да өрт өчүрүүчүлөр ишин улантышууда.

XS
SM
MD
LG