Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталат


Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июндан башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдирди.

-Президенттик шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин токтому жарыялангандын эртеси талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталат. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо күрөөсү боюнча, президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин БШКга тапшырышы керек.

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук иш-чаралардын календарлык планын, каржылык чыгымдардын сметасын бекитет. Өзүн өзү көрсөткөндөргө белгиленген формада арыз толтуруп, Боршайкомго берүү талабы коюлган. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт.

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыздоо багытында бир катар тапшырмалар берилди. Токтом кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет. (NT)

XS
SM
MD
LG