Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Келдибеков президенттикке аттануу боюнча аракетин уланта берет


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, президенттикке талапкер болору айтылган Акматбек Келдибеков мамлекет башчылыкка ат салышуу аракетин уланта берерин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна курган маегинде айтып, мыйзамдуу түрдө күрөшөрүн жана элдин колдоосуна таянарын белгиледи:

- Анын ар кандай мыйзамдуу жолдору бар. Буга чейин деле "соттолгон" деген сөздү алып салдыруу жолдору болгон, - деген Келдибеков бул жааттагы аракеттерин азырынча ачык айтпай турганын билдирди.

Жогорку Сот 13-июнда маалымат таратып, Акматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда гана алынарын кабарлаган. Экс-депутат муну саясий каралоо катары сыпаттап, Жогорку Соттун чечими өзүнө расмий көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады.

Акматбек Келдибеков коррупция беренеси боюнча соттолгон. 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.

Мыйзамдарга ылайык, соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлерди каттоо 15-июндан тарта башталат. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG