Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:09

Чүйдө катуу шамалдын чыгымдары такталды 


Чүйдөгү шамалдын кесепети.
Чүйдөгү шамалдын кесепети.

Жайыл районунда 13-июндагы катуу шамалдан 138 даана шыйпыр жарактан чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кара-Балта шаарындагы №105 лицейдин чатырынын 85 даана шыйпыры сынган.

Ушул эле шаардагы Чыгыш көчөсүндөгү 15-үйдүн сарайынын 8 даана, Жайыл айыл аймагында жайгашкан Алексеевка орто мектебинин 30 даана шыйпыры жараксыз болгон.

Кызыл-Чыгыш айыл аймагынын Есенин көчөсүндөгү 1-үйдүн короосунда жайгашкан бак кулап, үйдүн 15 даана шифери сынган. Катуу шамалдан киши өмүрүнө зыян келген жок.

Кыргызгидрометеорология агенттигинин маалыматында Чүй облусунда 13-июндун кечинде болгон шамалдын ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG