Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Демократ конгрессмендер Трампка каршы доо арыз беришти


Трамптын бизнеси мейманкана, гольф-клубдар, турак жайлар өңдүү 500дөн көп коммерциялык структурадан турат.
Трамптын бизнеси мейманкана, гольф-клубдар, турак жайлар өңдүү 500дөн көп коммерциялык структурадан турат.

АКШда 190дон көп демократ конгрессмендер президент Дональд Трампты башка мамлекеттин өкүлүнөн киреше алган деп федералдык сотко коллективдүү арыз беришти.

Арызда Трамп кызматка киришкенден бери бир да жолу анын компаниясы чет өлкөлүк өкмөттөрдөн алган төлөмдөргө Конгресстин уруксатын сурап кайрылбаганы белгиленет. Конституция боюнча Конгресстин жактыруусусуз жооптуу кызматтарда иштеген адамдарга башка мамлекеттердин өкмөттөрүнөн төлөм же белек алууга болбойт.

Ушул өңдүү арыз менен өткөн жумада Мэриленд штатынын жана Колумбия округунун прокурорлору да кайрылышкан. Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер прокурорлордун бул кадамы артында саясий жүйө турат деп комментарийлеген.

Трамптын бизнеси мейманкана, гольф-клубдар, турак жайлар өңдүү 500дөн көп коммерциялык структурадан турат. Бир топ компаниялары чет мамлекеттердин расмий адамдары менен кызматташып келет.

XS
SM
MD
LG