Кыргызстанда бүгүндөн баштап президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны расмий башталат. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо күрөөсүн жана президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин БШКга тапшырышы керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы 14-июндагы жыйынында президенттик шайлоонун календардык планын бекиткен. Ага ылайык, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрдан кеч эмес мөөнөттө жарыяланышы керек.
Өзүн-өзү көрсөткөндөргө белгиленген формада арыз толтуруп, Боршайкомго берүү талабы коюлган. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт. Буга чейин шайлоого катышарын саясатчылар Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарыялашкан. КСДП премьер-министр Сооронбай Жээнбековду, "Ата Мекен" камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков соттуулугу жоюла электигине карабай, мамлекет башчылыкка ат салышуу аракетин уланта берерин “Азаттыкка” билдирген.
Жогорку Кеңеш 14-июнда президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алды. (КЕ)