Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен бошотулду. Бул маалыматты “Азаттыкка” ишенимдүү булактар ырастады. Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине байланыштуу маселе эмнеге чечилбей жатканына кызыгышкан. Депутат Максат Сабиров Сарпашевдин ордуна эки айдан бери башка адамдын дайындалбай келатканы түкшүмөл ойлорго жетелерин айткан болчу. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча азырынча маалымат жок экенин билдирүүдө.
31-мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогон. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда. Убактылуу иштен четтетилген Сарпашев козголгон иш боюнча күнөөсү жоктугун, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” айткан.
Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик катоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын наябрында дайындалган. (КЕ)