Талас шаарында 14-июнь күнү кечке жуук болгон катуу шамал келтирген чыгым такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бир турак үйдү 50 шыйпырын, бир турак үйдүн темир калай чатырын, "Талас" электр тармактар ишканасына таандык кампанын 75 даана шыйпырын жана унаа токтотуучу жайдын темир калай чатырын учуруп кеткен. "Теремок" балдар бакчасынын имаратына терек кулап, терезелери сынган.
Киши өмүрүнө зыян келген жок. (SE)