Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Сарпашевдин кызматтан алынганы расмий кабарланды


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен бошотулганы расмий кабарланды. Өкмөттүн басма сөз кызматы 15-июнда билдиргендей, ал жазган арызынын негизинде иштен алынды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине байланыштуу маселени чечүүнү көтөрүшкөн. Өмүрбек Бабанов, Максат Сабиров өңдүү эл өкүлдөрү Сарпашевдин ордуна эки айдан бери башка адамдын дайындалбай келатканы түкшүмөл ойлорго жетелерин билдиришкен.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган. 31-мартта Башкы прокуратура ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогон. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда. Андан соң убактылуу иштен алынган Сарпашев козголгон иш боюнча күнөөсү жоктугун, тергөө менен кызматташууга даяр экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG