Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароо 20-июнга жылды. Тиешелүү чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Сот депутат менен кошо айыпталып жаткан Кыргызстанда туруктуу жашаган немис жараны, "Барат Люкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Али Юкселдин котормочу менен камсыздоо өтүнүчүнө байланыштуу жараянды жылдырды.
Шыкмаматов Юкселге тергөө маалында да котормочу берилбегенин, муну менен мыйзам бузулганын "Азаттык" радиосуна билдирди.
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматов баштаган үч адамга ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Алар - Алмамбет Шыкмаматов, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана Али Юксел.
Анда Шыкмаматов 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш унаанын арасында Шыкмаматовдун жубайына катталган, баасы жогорулатылган унаа болгону жарыяланган.
"Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келишет. (NT/KJ)