Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Косоводо 9 киши теракт уюштурууну көздөгөн деп айыпталууда


Айыпталып жаткандар өткөн жылы Израиль менен Албания командаларынын футбол матчы учурунда жөөт спортчулары менен ышкыбоздоруна каршы кол салуу даярдашкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу Косовонун Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө айтылат.

Өткөн жылдын ноябрында Косово жана кошуна Албанияда бардыгы болуп 19 шектүү киши кармалган эле. Билдирүүдө алар өлкөнүн саясий, конституционалдык, экономикалык жана социалдык түзүлүшүнө доо кетирүүнү, өздөрүнүн “Ислам мамлекетин” курууну көздөшкөн деп айтылат. Айып тагылгандардын экөө жергиликтүү жана чет өлкөлүк расмий адамдарга каршы теракт уюштурууну пландаган, дагы бирөө Жакынкы Чыгыштагы согушкерлердин катарында согушкан деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG