Сомалинин борбору Могадишуда "Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлери ресторанга кол салганда 17 киши мүрт кетти. Расмий маалыматка ылайык, шаршембинин кечинде жанкечти машинасын жардырып, куралчан адамдар ресторанга кирип барышкан жана бир нече кишини барымтага алышкан. Бүгүн эртең менен полиция ал жайды өз көзөмөлүнө алды.
Коопсуздук министрлигинин маалымат катчысы Мохамед Ахмед Араб окко учкандардын арасында сириялык жарандар да бар экенин, ондон ашуун киши жараат алганын билдирди. Куралчан беш киши да атып өлтүрүлдү. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ал-Кайида" менен байланыштагы "Ал-Шабааб" уюму өзүнө алды.