Жогорку Кеӊеш бүгүнкү жалпы жыйынында Эсеп палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндө отчетту укту. Депутаттарга Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов маалымат берди. Анын айтымында, 2016-жылы 3051 аудиттик объект текшерилген. Натыйжада жалпы суммасы 2,6 млрд сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, 1,1 млрд сому мамлекетке кайтарылган.
- Мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары өткөн жылы 13,2 млрд сомду түзсө, анын 1,9 млрд сому кайра кайтарылган. Андан тышкары натыйжасыз пайдаkfнуунун натыйжасында 868 млн сом өлчөмүндө чыгаша аныкталды. Алардын 82 пайызы бюджеттик каражаттарга тиешелүү болуп, жоготуунун 151 млн сому калыбына келтирилди.
Талкууда Эсеп палатасында көйгөйлөр мурдагыдай эле калып жатат деген сын айтылды. Социалдык мекемелерге республикалык бюджетте каралган каражат толук берилбей калганы белгиленди. Эсеп палатасынын өкүлдөрү Каржы министрлиги республикалык бюджетти бөлүштүрүүнү туура эмес пландап жаткандыктан мындай көйгөй чыкканын билдиришти. Айрым депутаттар Эсеп палатасынын аудиторлорунун санын кыскартууну сунушташты.
Жыйынтыгында Эсеп палатасынын 2016-жылдагы ишин канааттандырарлык деп табуу тууралуу токтом кабыл алынды. (NT)