Түркия президентинин жан сакчылары менен нааразылык акциясынын катышуучулары ортосундагы мушташка байланыштуу эки киши камакка алынды. Окуя өткөн айда Режеп Тайып Эрдогандын Кошмо Штаттардагы сапары учурунда түрк элчилигинин жанында болгон.
Вашингтон полициясынын башчысы тынч акция өткөрүп жаткан кишилерге “ырайымсыз чабуул” катары мүнөздөгөн мушташта 12 киши жарадар болгон.
Полициянын маалыматы боюнча камалгандар – Виржиния жана Нью-Жерсиден келген демонстранттар болчу. Дагы бир маалыматтар боюнча түрк президентинин коопсуздугун камсыздаган топтун ондогон мүчөсүнө айып бүгүн коюлат.