Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:07

Пентагон Ооганстан боюнча жаңы стратегия сунуштайт


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Ооганстан боюнча жаңы аскердик стратегияны алдыңкы апталарда президенттин кароосуна сунуш кыларын билдирди. Министр Мэттис президент Дональд Трамптан ал өлкөдөгү аскерлердин санын белгилөөгө уруксат алганын айтты. Пентагондун башчысы бир нече күн мурун Ооганстандагы согушта АКШ “жеңбей жатканын” айткан эле. Ушу тапта ооган жергесинде америкалык 8 400дөй жоокер бар. Алар негизинен жергиликтүү армияны машыктыруу менен алектенет.

Ооганстандагы эл аралык контингенттин командачысы, армиянын генералы Жон Николсон талип согушкерлерине каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн кошумча дагы бир нече миң аскер зарыл деп айтып келатат.

Пентагон 3-5 миңдей жоокер жиберүүнү караштырып жатканын айрым маалымат каражаттары жазышты.

XS
SM
MD
LG