Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча жети жумушчу топ түзүлдү


Кыргызстанда күзүндө өтчү президенттик шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жети жумушчу топ түздү. Бул тууралуу БШКда өтүп жаткан басма жыйында белгилүү болду. Маалыматка караганда, жумушчу топтор:

- шайлоого катышуу боюнча жарандарга маалымат жеткирүү, шайлоо жараянына даярдык көрүү;

- үгүт иштерин жүргүзүүдө эрежелерди сактоо;

- президенттикке талапкерлерден жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн документтерди кабыл алуу;

- шайлоочулардын арыз-даттанууларын карап чыгуу;

- көзөмөл-ревизия жүргүзүү;

- ыкчам чара көрүү;

- президенттикке талапкерлерден жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн топтолгон кол тууралуу баракчаны кабыл алуу жана текшерүү багытында иш алып барышат.

Жогорку Кеңеш кечээ президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алып, өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыздоо тапшырмасын берген. Токтом кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирген.

Буга чейин шайлоого катышарын саясатчылар Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарыялашкан. КСДП премьер-министр Сооронбай Жээнбековду, "Ата Мекен" камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG