Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 08:32

Лондондо өрт болгон көп кабаттуу үйдө жашаган ондогон киши дайынсыз болууда. Расмий маалыматка ылайык, Гренфелл Мунарасындагы өрт 12 кишинин өмүрүн алып кетти. Бирок полиция бул сан дагы өсүшү мүмкүн деп билдирүүдө. Ооруканаларда дагы 70тен көп жарадар киши кала берүүдө. Куткаруучулар аман калгандарды имарат ичинде табуу дээрлик мүмкүн эмес дешет. Дайыны жоктордун арасында бүтүндөй үй-бүлөлөр бар. Өрт аягына чейин өчүрүлүп бүтө элек, айрым жерлерде майда тутануулар кала берүүдө.

24 кабат турак жайдагы өрт шаршембиге караган түнү башталган эле. Анын себептери иликтенүүдө.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG