Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:41

Путин: Жаңы санкцияларга себеп жок


Владимир Путин суроолорго жооп берүүдө. 15-июнь, 2017-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага каршы жаңы санкция киргизүүгө себеп жок, Батыш мындай чара менен Орусияны артка тартууну көздөөдө деди. Бул маселеге президент жылдык суроо-жооп теле көрсөтүүсүндө кайрылды.

Кечээ АКШ Сенаты Орусиянын Украинадагы аракеттерине байланыштуу жарыяланган санкцияларды бекемдөө жана Москванын Америкадагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү үчүн жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоп добуш берген.

Путин бул чаралар АКШнын өзүндөгү ички күрөштүн натыйжасы деди.

Президент ошондой эле Орусиянын экономикалык абалы боюнча суроолорго жооп берди. Анын айтымында, ички дүң өндүрүм өсүүдө, ошол эле маалда жакырчылыктын чегинде жашаган жарандардын саны 13,5 процентке көбөйдү.

Путин менен түз байланыш программасы 2001-жылдан бери өткөрүлүп, 2004 жана 2012-жылдары гана болбой калган. Орусиянын Борбордук телеканалдары тартуулаган берүү ушу тапта да уланууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG