Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Жогорку Сот Чотонов менен Текебаевдин баш коргоо чарасын карап жатат


Текебаев менен Чотонов Биринчи май райондук сотунда. (Архив)
Текебаев менен Чотонов Биринчи май райондук сотунда. (Архив)

Жогорку Сот ушул тапта парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карап жатат. Бул тууралуу Текебаевдин коомдук жактоочусу Искен Афиджанов билдирди.

Буга чейин адвокаттар камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен Жогорку Сотко кайрылышкан.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аты аталган саясатчылардын негизги иши каралмак. Бирок Чотоновдун жактоочулары Жогорку Сотко көзөмөл арыз жазганына байланыштуу жараян токтотулган.

12-июнь күнү Бишкек шаардык сотунда камакка алынган саясатчылардын бири Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасына даттануу арызы каралары айтылган. Бирок жараянга Өмүрбек Текебаев да алынып келинген. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы буга шаар прокурору Бейшекеевдин бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун карап берүү тууралуу сунушу негиз болгонун жүйө келтирген. Шаардык сот экөөнүн баш коргоо чарасын чогуу кароо жана аларды камакта калтырган чечимин чыгарган болчу.

Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG