Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 08:28

Президенттик шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 671 миллион 502 миң сомдун 132 миллиону резервде турат. Ал каражат эгер экинчи тур болуп калса, ошого жумшалмакчы. Эгер шайлоо бир айлампа менен жыйынтыкталса, аталган сумма бюджетке кайтарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Участкалык шайлоо комиссияларында иштеген 25 миңге жакын адамга сый акы үчүн 281 миң сом берилет. Калган акча уюштуру иштерине жумшалмакчы.

Жогорку Кеңештин токтому менен президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. 15-июндан тарта мамлекет башчылыкка талапкерлерди көрсөтүү башталды. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG