Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:03

Күздө өтчү президенттик шайлоодо жарандардын тизмеси боюнча талаш чыкпай турганын Борбордук шайлоо комиссияынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 15-июнда Бишкекте өткөн брифингде маалымдагандай, шайлоого чейин 60 күн ичинде ар бир жаран добушканаларга барып, тизмеден аты-жөнүн тактай алат. Мурдагы шайлоолордо тизмеден аты-фамилиясын тактоого 30 күн убакыт берилчү.

Кыргызстанда акыркы өткөн шайлоолордо жарандар тизмеден өзүн таба албай, биометрикалык малыматтар компьютерден чыкпай түйшүк жараткан учурлар катталган. Ага карабай, Шайлдабекова акыркы шайлоолор мурдагыларга салыштырмалуу ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ошондой эле президенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүүгө БШК кепилдик берерин айтты.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Буга чейинки тизмеге байланыштуу маселени БШК Мамлекеттик каттоо кызматындагы алешемдикке байланыштырган. (SE)

XS
SM
MD
LG