Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Текебаев менен Чотоновдун соту 16-июнга жылды


Жогорку Сот. 15-июнь, 2017-жыл.
Жогорку Сот. 15-июнь, 2017-жыл.

Жогорку Соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карады.

Айыпталуучулардын адвокаттары Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттордун эки саясатчыны камакта калтыруу тууралуу чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен көзөмөл иретинде Жогорку Сотко арыз бүгүн гана берилди деген негизде кароону кийинкиге калтырууну суранышты. Адвокаттар соттун бүгүн болору тууралуу да алдын ала кабар берилген жок деген нааразылык билдиришти.

Сот мындай өтүнүчтү уккандан кийин ишти кароону эртең улантуу чечимин кабыл алды. Буга чейин камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз менен Жогорку Сотко кайрылуу жолдонгон.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аты аталган саясатчылардын негизги иши каралмак. Чотоновдун жактоочулары Жогорку Сотко көзөмөл арыз жазганына байланыштуу жараян токтотулган.

12-июнь күнү Бишкек шаардык сотунда камакка алынган саясатчылардын бири Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасына даттануу арызы каралары айтылган. Бирок жараянга Өмүрбек Текебаев да алынып келинген. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы буга шаар прокурору Бейшекеевдин бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун карап берүү тууралуу сунушу негиз болгонун жүйө келтирген. Шаардык сот экөөнүн баш коргоо чарасын чогуу кароо жана аларды камакта калтырган чечимин чыгарган болчу.

Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG