Бүгүн Жогорку Соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карайт.
Айыпталуучулардын адвокаттары Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттордун эки саясатчыны камакта калтыруу тууралуу чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен көзөмөл иретинде Жогорку Сотко арыз 15-июнда эле берилгенин айтып, ишти кароону кийинкиге калтырууну суранышкан. Адвокаттар соттук отурум тууралуу маалымат алдын ала берилбегенине нааразы болушкан. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, отурумду бүгүнкүгө жылдырган.
14-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аты аталган саясатчылардын негизги иши каралмак. Чотоновдун жактоочулары Жогорку Сотко көзөмөл арыз жазганына байланыштуу жараян токтотулган.
Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келишет. (КЕ)