Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:25

Жаңы окуу жылдан баштап Кыргызстандагы музыкалык окуу жайларда жана мектептерде алгач ирет кыргыз сольфеджиосу окутула баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” композитор, музыка таануучу Астар Тыналиев билдирди. Быйыл кыргыз сольфедижосу деген окуу китеп Билим берүү жана илим министрлигинин заказы менен чыгууда. Астар Тыналиев ошол китептин автору.

Музыканттын айтымында, китеп окуу программасына киргенден кийин текшерүүдөн өтөт. Ал окуу программасында китепти 50 пайыздан кем эмес колдонсун деген талап коюлат.

Кыргызстанда учурда 80ге жакын музыкалык билимкана бар. (SA/KE)

XS
SM
MD
LG