Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:07

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот өкүмү чыгат


Жардыруу болгон күнү тартылган сүрөт. 30-август, 2016-жыл.
Жардыруу болгон күнү тартылган сүрөт. 30-август, 2016-жыл.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имаратындагы жардырууга тиешеси бар деп айыпталып жаткан адамдар боюнча өкүмүн чыгарат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна айыпталуучулардын адвокаты Курманбек Туйбаев кабарлады. Бул күнү айыпталуучуларга акыркы сөз берилет.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон. Элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон.

Теракт боюнча алгач алты киши шектелген. Кийинчерээк үчөөнүн иши далил жетишпегенине байланыштуу кыскарып, үч адамга айып тагылган. Алар терактты уюштурууга каржылык көмөк көрсөттү деп күнөөлөнүүдө. Ушул убакытка чейин отурумдарга 23 күбө чакырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG