Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Элчиликтер теракт ыктымалдыгын эскертти


30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган.
30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган.

АКШнын жана Улуу Британиянын элчиликтери бир учурда ыктымал теракт коркунучу тууралуу эскертип, өз жарандарын сак болууга чакырды.

Элчиликтердин удаа билдирүүлөрү

Кыргызстанда октябрь айында террордук чабуул жасалып, адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар болушу ыктымал экенин Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги да эскертти. Мындай билдирүү элчиликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына 9-октябрда жазылды. Билдирүүдө Кыргызстанда жүргөн британиялыктар этият болушу зарыл экени айтылган.

Бир күн мурун АКШнын Бишкектеги элчилиги да “жергиликтүү бийлик менен чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул, адамдарды барымтага алуулар октябрь айында болуп кетиши мүмкүн” деген маалымат таратып, Кыргызстандагы америкалык жарандарды этият болууга чакырган. Мындай билдирүү элчиликтин сайтына жарыяланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан ыктымал теракт тууралуу кабары изилденип жатканын билдирди. Атайын кызмат элчиликтен расмий маалымат келбегенин, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кабарлар боюнча эле иликтөө жүрүп жатканын 9-октябрда кабарлады.

АКШ бүт дүйнөдөгү жарандарына кайрылган

Бирок АКШ Кыргызстандагы эле эмес бардык өлкөдөгү өз жарандарын сак болууга чакырганы айтылууда. АКШ Мамлекеттик департаменти тараткан маалыматта чет өлкөдөгү жарандарын сак болууга чакырып, террордук актыларды ишке ашырууну көздөп жүргөндөрдүн колуна түшүп калуудан этият болуу зарылдыгы белгиленген. Анда “Ислам мамлекети” радикал тобу АКШ жарандарына каршы ар кандай кыянаттыкка барышы мүмкүн экени эскертилүүдө.

Борбор Азиядагы абал сүрөттөлгөн бөлүктө Бишкектеги Кытай элчилигинде жакында эле жанкечти өзүн жардырганы, окуя болгон жер АКШ элчилигине өтө жакын экени баяндалат.

Бишкек милициясынын эскертүүсү

Ал арада Бишкектеги коомдук транспортторго элди террорчулардан сак болууга үндөгөн баракчалар илинип жатат. Шаардык милициянын Онунчу башкармалыгынын атынан чапталган маалымдамада адамдар көчөдөгү, эл көп чогулган жерлердеги, автоунаалардагы жана подеъзддердеги шектүү буюмдардан этият болуусу зарыл экени жазылган. Андан тышкары, жардыруучу заттар орнотулушу мүмкүн болгон мекемелердин тизмеси көрсөтүлгөн. Шектүү буюмдарды байкагандар кайсы телефон номурларга кайрылышы керектиги да жазылган.

14-троллейбуска илинген маалымдама. 8-октябрь, 2016-жыл.
14-троллейбуска илинген маалымдама. 8-октябрь, 2016-жыл.

Ички иштер башкармалыгы бул маалымдамалар эмне үчүн чапталып жатканы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кушчубеков: Элчиликтердин маалыматы жөн эмес

“Азаттык” АКШ жана Улуу Британия элчиликтеринин билдирүүлөрү тууралуу тышкы иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, дипломат Талантбек Кушчубековду кепке тартты:

“Азаттык”: Талантбек мырза Кыргызстанда террордук акт болуп кетиши ыктымалдыгын бир эле учурда эки өлкөнүн элчилиги айтып өттү. Көп жылдык тажрыйбасы бар дипломат катары айтсаңыз, элчиликтер мындай билдирүү кылаарда эмнеге таянат?

Т. Кушчубеков: Алар биринчи эле өздөрүнүн атайын кызматынын маалыматына таянышат. Учурда дүйнөдө өтө ашынган исламчыл радикал топтор, ошол эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ордосу Сирия менен Иракта экени бардыгыбызга эле белгилүү. Ал өлкөдө антитеррордук операцияларды АКШ менен Орусия өткөрүп жатат. Демек түздөн-түз жоочулар менен жеринде күрөшүп жаткандыктан биринчи кабар аларга түшөт.

Ошол эле учурда биздин 500гө жакын жараныбыз Сирияда жүрөт. Алар эртең болбосо да бир күнү Кыргызстанга кайтып келет. Ошондуктан мүмкүн элчиликтин колуна ар кандай маалыматтар түшкөндүр.

“Азаттык”: Кыргызстандын атайын кызматы элчиликтен эч кандай билдирүү келбегенин айтып жатат. Ал эми АКШ жана Британия элчиликтери коопсуздук үчүн колунда бар маалыматты УКМКга бериши керекпи?

Т. Кушчубеков: Бул чынын айтканда өлкөлөр арасындагы мамилеге жараша болот. Эгер өкмөт деңгээлинде карасак, бизде АКШ менен маалымат алмаша турган келишим жок. Мындай келишим Орусия жана башка ЖККУ өлкөлөрү менен гана бар. Ошондуктан биздин атайын кызмат алардан террористтик акт болуу ыктымалдыгы тууралуу маалыматты талап кыла албайт.

Экинчиден, Кыргызстандын атайын кызматтарынын андай маалыматтарды табууга мүмкүнчүлүгү жок. Башка өлкөлөрдөй бизде агентура тармагы өнүккөн эмес жана жакынкы мезгилде өнүкпөйт.

Бирок мен Түркияда иштеп жүргөн маалда бул өлкө менен алака аябай жакшы болчу. Кайсы бир зарыл маалыматтарды алардын атайын кызматы бизге кабарлап, биз өз жарандарыбызга айтчубуз.

“Азаттык”: Кыргызстандагы АКШ жана Британия элчиликтеринин билдирүүлөрү бир гана алардын өз жарандарына эмес, кыргызстандыктарга да тиешелүү десек болобу?

Т. Кушчубеков: Түздөн-түз ошондой кабыл алыш керек дегенден алысмын. Себеби элчиликтер өз билдирүүсүндө ыктымал окуялар айрыкча чет өлкөлүк жарандарга каршы болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө каршы жасалышы ыктымал деп айтылып жатат.

Экинчиден, исламчы топторду карасаң алар жөнөкөй жарандарды бутага албайт. Карапайым элге кыянаттык кылып, саясый упай топтобойт. Алар бийлик өкүлдөрүн бутага алууну максат кылышат. Ошондуктан эл коркпой эле күнүмдүк ишин аткара берсе болот.

Кытай элчилигиндеги теракт

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган. Андан өзү мүрт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган.

Улуттук коопсуздук кызматы 6-сентябрда Кытай элчилигиндеги жардыруунун бети ачылганын кабарлаган. Андагы маалыматка ылайык, жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышкан, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталган. Жардырууну 33 жаштагы уйгур тектүү адам ишке ашырганы, ал буга чейин Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталганы айтылган.

XS
SM
MD
LG