Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Элчиликтеги теракт элди сестентти


Элчиликтин имаратынын жардыруу болгондон кийинки көрүнүшү. 30-август, 2016-жыл
Элчиликтин имаратынын жардыруу болгондон кийинки көрүнүшү. 30-август, 2016-жыл

Бүгүн эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратында жардыруу болду. Маалым болгондой, эртең мененки саат тогуздарга чукул жанкечти башкарган автоунаа элчиликтин дарбазасын сүзүп кирип, имараттын короосунда бомбаны жардырган.

Расмий бийлик жардырууну теракт деп атаса, элчиликке кол салууну расмий Бээжин айыптап, коопсуздукту күчөтүүнү Бишкектен талап кылды.

Эксперттер бул Бишкек шаарында жанкечти ишке ашырган биринчи теракт экенин эске салды. Андыктан коопсуздукка буга чейинкиден да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтып, күч түзүмдөрүнөн кыраакылык жана чечкиндүүлүк талап кылынарын белгилешүүдө.

Алдын ала божомолдорго караганда, террорист - жанкечти "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү автонуаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, жардырууну жүзөгө ашырган. Натыйжада жанкечти түшкөн автоунаанын чачырандылары гана калган, жанкечтинин денеси да бир нече бөлүккө ажырап кеткен.

Жарылуунун күчү катуу болгондуктан анын радиусу он чакырым аралыкка чейин сезилди. Элчиликтин башкы имаратынын алдындагы корпустардын бири таптакыр жарабай калса, тегеректеги жөнөкөй турак жайлардын терезе-айнектери күбүлүп түшкөн. Айрым жөнөкөй тургундардын үйүнүн дубалынан жарака кеткен.

Кытай элчилигине кошуна жайгашкан үйдүн кароолчусу, өзүн Замир деп тааныштырган жаран жарылуудан кийин оттун жалыны 30 метрдей бийиктикке жеткенин “Азаттыкка” айтып берди.

- Биринчи “тарс” деген үн чыкты. Мен биздин дарбазаны бир машине коюп кетти окшойт деп карап калдым. Анан көп өтпөй эле катуу жарылуу болду. Оттун жалыны аябай бийик болуп, тарап кетти. Элдин баарынын жүрөктөрү түшүп, эшикке чыгалбай турушту. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй туруп калдык.

Күбөлөр: жарылуу катуу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Коопсуздук күчөтүлөт

Окуя болгон жерге милиция, атайын кызматтын өкүлдөрү, куткаруучулар жана тез жардам жетип келди. Элчиликтин тегерек-чети курчоого алынып, ага күч кызматкерлеринен башка адамдар киргизилген жок. Жардыруу болгон жерге келген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков окуяны дароо "теракт" деп атап, жанкечти өзүн өлтүрүп, дагы элчиликтин үч кызматкери жарадар болгонун кабарлады.

- Элчиликтин дарбазасын талкалап кирип, жанкечти өзүн-өзү жардырган. Машинасы да, өзү да жок болгон. Элчиликтин кызматкерлеринен үч киши жаракат алган, алар ооруканага жиберилген. Азыркы учурда эксперттер, тергөө топтору иштеп жатат. Жасаган адам ким экенин айтуу эрте.

Жардыруу катталган Киргизия-1 конушу дипломатиялык шаарча катары да белгилүү. Бул аймакта бир топ өлкөнүн Кыргызстандагы элчиликтери жайгашып, район көбүнесе дипломаттар жашап келгени менен өзгөчөлөнөт. Кытай элчилиги турган аймакта АКШнын элчилиги жана орус элчисинин резиденциясы да жайгашкан.

Андыктан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай элчилигинин алдындагы жардыруудан кийин милиция коопсуздук чараларын дагы күчөтөрүн кабарлады. Бул үчүн Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту сактоо иретинде планды иштеп чыгып, анын негизинде республика боюнча сегиз миңге чукул кызматкер майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун камсыздамакчы. Алардын катарын элдик кошуундар жана милициянын ардагерлери толуктамай болду.

Бээжин окуяны айыптады

Расмий Бээжин элчиликке жасалган кол салууну айыптап, жардыруудан элчиликтин үч кызматкери жеңил жаракат алганын ырастады. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чинюнг Бээжиндеги басма сөз жыйынында төмөндөгүдөй билдирүү жасады.

- Кытай бул экстремисттик зомбулук аракетин чечкиндүү түрдө айыптайт жана Кытайдын тышкы иштер министрлиги дароо таасир көрсөтүү механизмин ишке киргизип, кыргыз тараптан кытайлык жарандар менен мекемелердин коопсуздугун сактоону, бул окуяны иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону өтүнөт.

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев күч кызмат жетекчилеринин маалыматын угуп, жардырууну тыкыр иликтөөнү тапшырды. Окуяны иликтөөнү Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жеке көзөмөлүнө алмай болду. Ошондой эле мамлекет башчы Бишкекте жана башка аймактарда террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү, маанилүү объектилерди, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү катуу кайтарууга алууну табыштаганы айтылат.

Бишкектеги жардыруу 31-августта өтө турган Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамынын 25 жылдыгынын жана 3-сентябрда баштала турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында болду. Бул майрамга карата милиция 26-августтан бери күчөтүлгөн тартипте иштеп келе жаткан. Кыргызстанда биринчи жолу катталган жанкечтинин жардыруусуна азырынча жоопкерчиликти эч ким ала элек.

"Жардырууну жанкечти жасаган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

XS
SM
MD
LG