Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

"Жардырууну жанкечти жасаган"


"Жардырууну жанкечти жасаган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, бүгүнкү жардыруудан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин үч кызматкери жаракат алды. Жардырууну жанкечти ишке ашырган. Азыр ӨКМдин куткаруу кызматы, өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардамдын" өкүлдөрү окуя болгон жерде жүрүшөт. Министр Кубатбек Боронов да ал жерге жөнөп кетти. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да окуя болгон жерде жүрөт. Маалыматка караганда, жанкечти "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү автонуаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, жардырууну жүзөгө ашырган. Натыйжада жанкечти түшкөн автоунаа талкаланып кетип, чачырандылары гана калган, жанкечтинин денеси да бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен. Кытай элчилиги "Киргизия-2" районунда Бакаев көчөсүндө жайгашкан. Ал жакты кайтарган кыргызстандык күзөтчү башынан жаракат алган. Жанкечтиден башка курмандыктар жок. Брондолгон дарбаза жанкечтинин максатына жетишине тоскоол болгон.

XS
SM
MD
LG