Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Казакстан кыргыз жаранын террорчулукка айыптады


Казак тартип сакчылары
Казак тартип сакчылары

Казакстандын Коопсуздук комитети террорчулукка шектелген куралдуу топ кармалганын кабарлап чыкты. Топтун бир канатын кыргызстандык жетектеп, коңшу өлкөнүн аймагында ири теракттарды уюштурууну көздөгөнү айтылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандар арасында Кыргызстандын жараны бар экенин тастыктады. Казак тарап ири теракт уюштурууга айыпталып жаткан кыргызстандык ким жана ал кандайча бул ишке аралашып калган?

"Бир катар чабуулдар пландалган"

Казакстанда ири террордук актты токтотууга мүмкүн болгонун казак Улуттук коопсуздук комитети дүйшөмбүдө жарыя кылды. Андагы маалыматка ылайык, курамында кыргыз жараны бар куралдуу топ коңшу өлкө аймагында бир нече жардыруу уюштурууну көздөгөн.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук штабынын өкүлү Сакен Мыңбаев бул жардыруу 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы теракттай болмогун айтып өттү:

- Алар резонанс жаратуу үчүн адамдар көп чогулган жерлерде теракт уюштуруу варианттарын карашкан. Муну менен катар Талды-Коргондогу аэропортто чалгындоо жүргүзүп, АКШдагы 2011-жылдын 11-сентябрындагы кол салуу сыяктуу жарандык жана аскердик учактарды айдай качуу менен террордук акты ишке ашырууну көздөшкөн.

18-июль, Алматы
18-июль, Алматы

Казакстан коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, радикал топтун мүчөсү деп шектелген төрт адам быйыл 18-августта Алматы облусунун Иргели айылында колго түшкөн. Алар Коргоо министрлигинин, Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнө, муфтияттын имаратына чабуул жасап, жогорку аскер жетекчилерин өлтүрүүнү пландаган деп шектелүүдө.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мурда соттолгон эки казак жараны кыргызстандыкты башчы кылып дайындап алганы, бири өзүн-өзү жардырууну көздөгөнү белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча Казакстан “террорчулукту жайылтуу”, "террордук топту түзүү жана анын ишине катышуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Казакстандын аймагында ири теракт уюштурууга шектелип кыргыз жараны кармалганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты. Министрликтин маалыматы боюнча, кармалган 40 жаштагы шектүү Өзгөн районунун тургуну болгон. Анын аты-жөнүн министрлик ачыктаган жок. Ал коңшу өлкө аймагында диний-радикалдык топко мүчө болуп жүргөн деп болжолдонууда.

Радикалдарга кошулган мигранттар

Теракт уюштурууга шектелген кыргыз жараны боюнча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий маалымат бере элек.

Ал эми Ички иштер министрлигинен болсо кылмышка шектүү тууралуу расмий маалымат түшкөн соң атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады:

- Алгач болуп бул маалымат УКМКга келип түшүш керек. Андан соң бизге берилсе, биз тиешелүү иштерди жүргүзөбүз.

Казак жоокерлери
Казак жоокерлери

Ошол эле учурда бул адам кандайча террордук топтун катарына кошулган деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда. Диний коопсуздук боюнча адис, Орусиянын ИИМ академиясынын докторанты Бакыт Дубанаевдин айтымында, шектүү Борбор Азия аймагында ишмердик жүргүзүп жаткан жихадчы-такфирчил топтордун мүчөсү болушу мүмкүн:

- Борбор Азиядагы жихадчы-такфирчил топтордун мүчөлөрү азыр жуурулушуп атат. Былтыр Кыргызстандын аймагында айт намазынын алдында теракт уюштурууну көздөгөн казак жарандары кармалган эле. Биздин жарандын Казакстандын аймагынан ушундай кылмышка шектелип кармалышына таң калуунун кереги жок. Алар үчүн бирдиктүү аймакка айланып калды. Миграциянын таасири менен биздин жарандар ал жакка барып, ар кандай радикал уячаларга кирип кеткен учурлар абдан көп.

Ошол эле учурда Казакстандын атайын кызматы маалымдагандай, көпчүлүктү шектүүлөр пландаган теракттын масштабы таң калтырууда. Атайын учактарды айдай качып, 11-сентябрдагыдай калайман уюштургандай мүмкүнчүлүккө ээ болгонбу деген суроо берилип жатат.

Коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаковдун айтымында, террорчулардын чыныгы максаты тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат:

- Кеп мунун масштабы жөнүндө болуп жатат. Бүтүндөй бир аэропортту басып алып, учактарды айдай качып 11-сентябрдагыдай жардыруу уюштурмак деген маалымат айтышты. Бул абдан масштабдуу көрүнүш. Бул топтун мындайга мүмкүнчүлүгү болгонбу, бул канчалык деңгээлде чындыкка жакын экенин эми сот гана аныкташы керек.

Акыркы учурда Борбор Азияда терроризм маселеси өтө орчундуу болууда. Июнь айында Казакстанда «радикал диний агымдардын» жактоочулары делген топ эки курал-жарак дүкөнүн тоноп, Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салышкан. Анын кесепетинен төрт жай тургун жана үч жоокер набыт болгон.

18-июлда Алматыда дагы бир адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш адамдын өмүрү кыйылган. Ошондон кийин өлкөдө террор коркунучунун "сары" чегинин мөөнөтү 2017-жылдын 15-январына чейин узартылган эле.

Тасмада: Алматыдагы атышуу 18-июль, 2016

Алматыдагы атышуу: бир адам кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00

Элчиликке жасалган терактка шектүүлөр аныкталды

Ал арада бүгүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталды.

Теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланды. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Ал эми жардырууну ишке ашырган адам 33 жаштагы уйгур тектүү адам экени, Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталган. ​

- Анын аты-жөнү Зоир Халилов болгон. Кыргызстанга 20-август күнү кирген. Ал “Чыгыш Түркистан ислам кыймылынын” мүчөсү экени аныкталды,- деди Сулайманов.

30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырып, мерт болгон. Андан элчилик имараты жана жакын жайгашкан үйлөр зыян тарткан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG