Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Элчиликтеги теракт студенттерди томсортту


Кытай элчилинин алдындагы милиция кызматкерлери. 30-август, 2016-жыл
Кытай элчилинин алдындагы милиция кызматкерлери. 30-август, 2016-жыл

Кытайда окуган үч жүзгө жакын кыргызстандык студент элчиликтен виза алалбай жатканы белгилүү болду. Кыргызстан бул маселе боюнча Кытайга кайрылып, 30-августтагы теракттан бери жабык турган Бишкектеги консулдук бөлүмүнүн ишин жандантууга чакырды.

Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлеринин 15-сентябрдагы сүйлөшүүсүндө да айтылды. Кытай элчилиги жардыруудан кийин кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтоткон.

Кытайга кете албаган студенттер

Бишкектик Темирлан Нурадил уулу Кытайдын Үрүмчү шаарындагы окуу жайлардын бирине өткөн. Ушул айдын башында виза алып, окууга жөнөмөк. Ага Тышкы иштер иштер министрлигинин консулдук бөлүмүндө жүргөн жеринен жолуктук:

- Элчилик жардыруудан кийин иштебей, көптөгөн студенттер Кытайга бара албай калды. Андай студенттер келип министрликке катталып кетсин дегенди интернеттен көрүп калып, бул жакка келдим. Кытайда кандай болот азырынча белгисиз болуп жатат. Элчилик качан иштейт, качан кетебиз такыр белгисиз. Университет менен байланышсак, "ушундай окуя болгонун уктук, түшүнөбүз" деп койду. Азыр окуубузга кабатырланып жатабыз.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Нургазы Нышанов тиешелүү органдарды Кытайга кете албай жаткан студенттердин маселесин чечүүгө чакырды:

- Кытай элчилигинде жардыруу болгондон бери виза берилбей жатат. Бул боюнча студенттер, көптөгөн жарандар кайрылууда. Буга көңүл буруп, эртерээк чечпесе болбой турат.

Кытай элчилиги: виза берүү токтотулган

30-августтагы жардыруудан бери Бишкектеги Кытайдын элчилиги иштей элек. Элчилик имаратына бараткан жолдо коопсуздук күчөтүлүп, каз-катар милиция кызматкерлери коюлган жана имаратка бөлөк-бөтөн кишини өткөрбөй жатат. Элчиликке телефон чалганыбызда атын атагысы келбеген кызматкер студенттердин кете албай жатканын элчиликтеги жардырууга байланыштырды:

- Бул маселе бир гана студенттерге эмес, баарына тиешелүү. Эч ким виза алган жок. Терактка байланыштуу виза берүү белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, ушу тапта 300гө чукул студент Кытайга окууга кете албай турат. Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов парламентте сүйлөп жатып, бул жаатта Кытайдын расмий органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди:

- Элчиликтин биринчи жүйөсү - теракт болгон учурда визаны каттачу жабдыктар иштебей жатканын айтууда. Экинчи себеби катары элчиликтин имаратында иштөөгө шарт жок экенин билдиришүүдө. Биз студенттерге тезирээк виза берүүнү өтүнүп, Кытай тарапка эки жолу нота жолдодук. Андан тышкары учурда Кытайга кете албай жаткан студенттердин тизмесин тактап жатабыз. Учурда 300 студент болду. Бул тизмени Кытай элчилигине беребиз. Алар өз өлкөсүнүн Билим берүү министрлиги аркылуу биздин жарандар окуган университеттерге маалымат берип, виза жүйөлүү себептер менен кечигип жатканын жана окууга терс таасирин тийгизбей, каттоодон өткөрүүгө жардам бериши керек.

Ошондой эле Кытайга кете албай жаткан студенттердин маселесин бүгүн кыргыз тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен сүйлөшкөн учурда да көтөргөн. Анда Абдылдаев элчиликтин консулдук кызматынын ишин эртерээк жандантууга чакырган.

Элчиликтеги теракт студенттерди томсортту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Элчиликтеги жардыруу

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган. Андан өзү мүрт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган.

Улуттук коопсуздук кызматы 6-сентябрда Кытай элчилигиндеги жардыруунун бети ачылганын кабарлаган. Андагы маалыматка ылайык, жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышкан, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталган. Жардырууну 33 жаштагы уйгур тектүү адам ишке ашырганы, ал буга чейин Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталганы айтылган.

Учурда теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланган. Издөөгө алынган айрым адамдар маалымат каражаттарына маек куруп, өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып чыгышкан эле.

Элчиликтеги жардыруу боюнча Кытай камтамачылыгын билдирип, Кыргызстандагы өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG