Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Кара-Көлдө диний экстремизм боюнча иш алып барган атайын топ түзүлдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында курамында мамлекеттик кызматкерлер жана дин өкүлдөрүнөн турган жети топ түзүлдү.

Шаардын имам-хатиби Бектен ажы Керезбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүндө алар тургундар кайсы жакка баратканын тактап, тыштан келген чоочун кишилер боюнча маалымат чогултушат. Ошол эле учурда тургундарга радикал топтор боюнча маалымат берип, алардан оолак болууга чакырык ташташат. Мындан сырткары топтун ишмердүүлүгүнө кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу, акцияларды өткөрүү сыяктуу иштөө тартиби бекитилди.

2014-жылы дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты реформалоо жана диний уюмдардын ишин тартипке келтирүү максатында Коргоо кеңешинде атайын концепция бекитилип, бир топ иш-чараларды өткөрүү боюнча чечимдер кабыл алынган. Диний экстремизм боюнча иш алып барган атайын топ дагы ушул концепцияны жана “Коопсуз ордо” долбоорун ишке ашыруу максатында түзүлдү.(RsK/КЕ)

XS
SM
MD
LG