Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Кыргызстанда аз кандуулуктун деңгээлин кыскартуу боюнча талкуу өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитети, Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн жарандык альянсы жана ЮНИСЕФ «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы тууралуу парламенттик угуу өткөрөт. Анын натыйжасында өлкөдөгү аз кандуулуктун деңгээлин жана тубаса ооруларды төмөндөтүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын дээрлик жарымы аз кандуулуктан жабыркайт. БУУнун Азык-түлүк уюмунун расмий статистикасына караганда, беш жашка чейинки кыргызстандык балдардын 20% жакыны туура тамактанбайт, тагыраак айтканда, керектүү азыктарды толук албайт жана мунун айынан түрдүү оорулардан жабыркайт, 40% медициналык китепчесинде анемия деген диагноз жазылган.

Ал эми адистер ундун байытылышы калк арасында аз кандуулуктун темир дефицитинин деңгээлин жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса оорусунан жабыркаган балдардын санын 70% төмөндөтөрүн белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG