Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

14 чакан ГЭС куруу боюнча сынактын экинчи туру белгиленди


Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети билдиргендей, 14 чакан ГЭС куруу боюнча тендерге алты компания арыз берген. Тендердик комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик каттоо, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, Инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттиктеринин өкүлдөрү кирген.

Маалыматка караганда, 14 чакан ГЭСтин 11ине байланыштуу алты компания арыз берген. Алардын бирөө гана Чехиянын, калгандары жергиликтүү компаниялар.

— ОсОО «Сино КГ Энерджи Групп» (Кыргызстан);

— Liglass trading CZ SRO (Чехия);

— Консорциум ОсОО «Производственное предприятие «Нарын» и ОсОО «Мостдорстрой» (Кыргызстан);

— ОсОО «NK Group» (Кыргызстан);

— ОсОО «Гидроэнерджистрой» (Кыргызстан);

— ОсОО «Кыргызкаганат» (Кыргызстан).

“Түп”, “Ак Түз” жана “Чоң Кайыңды” гидростанцияларын курууга бир дагы арыз түшкөн эмес.

«NK Group» компаниясынын документтери толук болбогондуктан сынактын экинчи этабына катышууга уруксат берилген жок. Экинчи туру 30-июнда өтмөй болду. Биринчи туру 14-июнда өттү.

Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кубаттуулугу 3 мВттан 20 мВтка чейинки 14 чакан ГЭСти курууга майдын ортосунда тендер жарыялаган. Ага ылайык, чакан электр станцияларды курууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер жана компаниялар катыша алат. Аларга комитет даяр долбоорлорду сунуштап, курууга кеткен каражатты инвестор көтөрүшү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG