17-июнда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +29..+34;
Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35;
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +23...+28;
Ысык-Көл жергесинде +8..+13, күндүз +22...+27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +11...+16.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус ысыйт.