Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Кабулда шийилердин мечитиндеги терактта төрт киши өлдү


Ооганстан. 15-июнь, 2017
Ооганстан. 15-июнь, 2017

Кабулда кечээ кечинде жанкечтинин жардыруусунан шийилердин мечитинде төрт киши каза тапты, он чактысы жараат алган.

Ооган баш калаасынын полиция жетекчиси генерал Хакнаваз Хакияр өлгөндөрдүн үчөө жайкын тургун, бирөө полициячы экенин айтты.

"Шектүү адам мечитке кирүүгө аракеттенгенде полиция жолун торогон жана атышуу башталып кеткен. Жанкечти качууга аракеттенип, өзүн жардырып жиберген", - деп маалымдады ооган Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү.

Терактты “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму уюштурганын өздөрүнүн Амак агенттиги аркылуу кабарлашты. Жардыруу болгон маалда Ал-Захра мечитинде эл көп болчу. Буга чейин да Ооганстандагы шийи азчылыгы согушкерлердин бутасы болуп келген, өткөн ноябрда ушундай эле кол салуудан 30дан көп киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG