Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын финалында күрөшөт


Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунун жарым финалында. Тайчунг. 16.06.2017.
Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунун жарым финалында. Тайчунг. 16.06.2017.

Кытай Тайбэйинин Тайчунг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында бүгүн, 16-июнда кыргызстандык үч балбан байге үчүн күрөшөт.

Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова алтын байге үчүн өзбекстандык Бахтигүл Балтаниязова менен таймашат.

Ал финалга чыкканга чейин үч беттеш өткөрүп бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңди. Алгач вьетнамдык Тхи Хонг Транг Фунгду 10:0 эсебинде утса, чейрек финалда кытайлык Юе Ханды 8:4, жарым финалда монголиялык Пуревцецег Ганбаатарды 13:3 эсебинде утуп финалдык таймашка чыкты.

67 кг. 1/2 финал. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) - Пуревцецег Ганбаатар (Монголия) 13:3.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн 59 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын намысын Айбийке Артыкалы кызы коргоп чыкты. Ал чейрек финалда таиланддык Канитха Хомсунгду 10:0 эсебинде ири айырма менен жеңди. Тилекке каршы жарым финалда кытайлык Жинг Жиангга 8:5 эсебинде утулуп калды. Эми коло байге үчүн индиялык Кумари Манжи менен таймашат.

59 кг. 1/4 финал. Айбийке Артыкалы кызы (Кыргызстан) - Канитха Хомсунг (Таиланд) 10:0.

Грек-рим күрөшүнөн 120 килограммга чейинки салмакта Роман Ким коло байге үчүн күрөшмөй болду. Чечүүчү таймашты түштүк кореялык Кисюнг Ким менен өткөрөт. Финалдык беттештер Бишкек убакыты боюнча саат 16:30да башталат.

Ал алгач жапониялык Кейта Банчини 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Амирмохаммад Хосейн Хажипоурганиге 7:0 эсебинде жеңилди. Иран балбаны финалга чыккандыгына байланыштуу Роман Ким жооткотуучу беттешке чыгып бул таймашта Кытай Тайбэйинин өкүлү Йу Хаону 9:0 эсебинде жеңди. Эми коло байге үчүн түштүк кореялык Кисюнг Ким менен таймашат. Финалдык таймаштар Бишкек убакыты боюнча саат 16:30да башталат.

120 кг. Жооткотуучу беттеш. Роман Ким (Кыргызстан) - Йу Хао (Кытай Тайбэйи) 9:0.

15-июнда башталган спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндердин эркин күрөшү) боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 19-июнга чейин уланат. Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшчүлөрүнүн эсебине төрт медал чогулду. Алтын байгени Акжол Махмудов (74 кг) утса, күмүш байгелерди Жоламан Шаршенбеков (55 кг) жана Калидин Асыкеев (84 кг ) алды. Коло медалды Тынар Шаршенбеков (60 кг ) тагынды. (ECh).

XS
SM
MD
LG