Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Австрия менен Германия Орусияга каршы санкциянын айрым жерлерине макул эмес


Германия жана Австрия АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары Европанын энергетикалык коопсуздугуна доо кетириши мүмкүн деп нааразылык билдиришти.

АКШ Сенаты 14-июнда Москванын Украинадагы аракеттерине байланыштуу киргизилген санкцияларды мыйзам түрүндө бекитүүнү колдогон. Андагы жоболордун биринде орус газын Балтиканын түбү аркылуу Германияга жеткирүүнү караган "Түндүк Агым 2" кууру Украинага коркунуч жаратышы ыктымал деп, курулушка каршылык айтылган.

Австриянын канцлери Кристиан Керн жана Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл биргелешкен билдирүүдө Кошмо Штаттарды Украинадагы кырдаалды Европага газ сатуу маселеси менен байланыштырбоого чакырышты.

АКШ Европага көбүрөөк газ экспорттоону караштырып жаткан чакта "Түндүк Агым 2" долбооруна катышкан европалык компанияларды жазалоо мүмкүнчүлүгү Европа менен АКШнын мамилелеринде «жаңы, терс тенденцияны пайда кылууда» деп билдиришти Германия менен Австриянын жогорку өкүлдөрү.

Ошол эле маалда алар "Европадагы чек аралардын бүтүндүгүн бузууга жооп катары киргизилген санкциялар керек" экенин да белгилешти.

XS
SM
MD
LG